Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

“О” операторунун топ-менеджери кар астында калып каза болду


Филипп Еремеев
Филипп Еремеев

“О” бренди менен кызмат көрсөткөн “Нур Телеком” ишканасынын сатуу иштери боюнча директору Филипп Еремеев Ысык-Көл облусунда кар көчкүдө калып, каза болду.

Кырсык 12-декабрда болгонун аталган компаниядан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда, топ-менеджер үч досу менен Ак-Суу капчыгайына эс алганы барган кезде кырсыкка кабылган. Филипп менен чогуу жүргөндөр аман калышкан.

Маркумдун сөөгүн Бишкекке алып келишти. Коштошуу зыйнаты 15-декабрда Спорт ордосунда өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG