Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

“Бир дүйнө” фестивалында баш байгени орус режиссеру алды


"Өгөйлөнгөн келиндер" тасмасынан көрүнүш.
"Өгөйлөнгөн келиндер" тасмасынан көрүнүш.

Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө – Кыргызстан 2015” даректүү тасмалар фестивалында баш байгени орусиялык Настя Тарасованын “Линар” аттуу тасмасы жеңип алды. Анда кичинекей оорукчан баланын тагдыры сүрөттөлөт.

“Аялдардын укугуна арналган мыкты фильм” номинациясы ирандык режиссер Айыт Нажафинин “Жерге жат болгон ыр” фильмине, “Балдардын укугу тууралуу эң мыкты тасма” номинациясы германиялык режиссер Феликс Шварцтын “Альенданын неберелери” аттуу фильмине ыйгарылды.

Калыстардын атайын сыйлыгы Нидерланддан келген Клауди Лисбоанын “Наданын ыңкылабы” фильмине берилсе, “Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма” багытында мьянмалык режиссер Сейн Лиан Тюн тарткан “Күйгөн кыш” фильми жеңүүчү болду.

“Азаттык” радиосунун журналисттери Санжар Эралиев менен Жанарбек Жолдошбаев тарткан “Өгөйлөнгөн келиндер” тасмасы Британиянын Согуш жана Тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) атайын сыйлыгына татыды.

Фестивалдын алкагындагы тасмалар 10-13-декабрь күндөрү Бишкекте көрсөтүлдү. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 14-декабрда "Парк Отель" мейманканасында өттү.

XS
SM
MD
LG