Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

“Чайпалбаган” Чайка


Юрий Чайка
Юрий Чайка

Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайканын үй-бүлөсүнүн кылмыштуу байланыштарын иликтеген даректүү тасма интернетте популярдуулукка ээ болууда.

Алексей Навальныйдын коррупцияга каршы күрөшүү фонду даярдаган бул тасманын көрөрмандарынын саны 600 миңден ашты. Кремл бул коррупциялык чатак тууралуу үн ката элек. Бирок Чайка өзү муну британиялык ишкер Уильиям Браудер жана анын артында турган атайын кызматтардын буюртмасы деп чыкты.

Банда менен байланыш

Коомдук активист Навальный жетектеген фонддун иликтөөсүндө Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайканын үй-бүлөсүнүн кылмыштуу схемасы тууралуу айтылган. Анда башкы прокурордун тун уулу Артем Чайканын ортомчулар аркылуу Цапкалардын үй-бүлөсү менен тымызын көмүскө бизнес жүргүзөрү бекемделген.

Цапкалардын үй-бүлөсү Краснодардагы үрөй учурган уюшкан кылмыштуулукка байланыштуу соттук жараяндан улам бүткүл өлкөгө таанылган. Карактоо жана зордуктоо сыяктуу оор кылмыштарга айыпталган бул банданын башчылары 2013-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган.

Иликтөө учурунда башкы прокурордун орун басарлары Алексей Староверов жана Геннадий Лопатиндин жубайлары Цапкалардын жубайлары менен биргеликте “Кубань кумшекери” компаниясын түптөшкөнү да аныкталган. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү фонду Артем Чайка Грециянын түндүгүндөгү Халкидики жарым аралында беш жылдыздуу отелге ээ экенин таап чыккан.

Бул кылмыштуу схемага башкы прокурордун кенже уулу Игорь Чайка менен башкы прокурордун орун басары Геннадий Лопатиндин мурдагы жубайы Ольга Лопатина да кирип, алардын Цапканын бандасынын жубайлары менен биргеликте бизнес кылары ашкереленген. Алар Грециядагы мейманкананы 30 миллион еврого сатып алганы көрсөтүлгөн.

Сергей Цапка менен Вячеслав Цеповяз 2011-жылы адам өлтүрүүлөрдү уюштурганы үчүн кармалып, камакка алынышкан болчу. 44 мүнөттүк бул фильмди интернетте 600 миңден ашуун адам көргөн.

Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун кызматкери Георгий Албуров тасмадагы фактылар туурасында Башкы прокуратурага жазылган каттардын бирине да жооп келбегенин белгиледи:

- Албетте берилген суроолорго жоопторду күтүп жатабыз. Биз күтүп жаткан жооптордун эң эле башкысы бул – Чайканын кызматтан кетүүсү. Ошондой эле ага жана анын уулдарына карата кылмыш ишин ачууну күтөбүз. Анткени биз жарыялаган иликтөөдө келтирилген фактылар бул адамдар бир топ жылдан бери уюшкан кылмыштуулук менен алектенгенинен кабар берет. Азырынча биз талап кылган менен ал адам кызматтан кете турган түрү жоктой. Бирок акыры бир күнү ал кызматынан алынып, ага карата кылмыш иши козголоруна ишенебиз.

Британиялык ишкердин “изи”

Ошол эле учурда Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка “Коммерсант” басылмасына бул фильмди даярдоонун артында британиялык ишкер Уильиям Браудер турарын жана ал бүтүндөй өлкөнү каралоо максатын көздөгөнүн айткан. Бирок Юрий Чайка эки уулунун бизнес-империясы жана алардын шектүү ишкердик байланыштары каяктан пайда болгону тууралуу суроого жооп берген эмес.

Британиялык ишкер Браудер Чайканын тасманы даярдоого неге аны аралаштырып жатканына таң калды. Ошол эле кезде Браудер "андан көрө тасмадагы фактыларга Чайка кайпалактатпай түз жооп берсе болмок" деп айткан. “Бул фактылардын бири эле тастыкталса, Орусияны мафиоздук түзүмдөр башкарып жатканы ырасталат” деп билдирди британиялык ишкер Браудер.

Краснодарлык журналист Евгений Титов аталган кылмыштуу байланыштар туурасында маалыматтар мурда эле чыгып келгенин айтты:

- Краснодар крайында уюмдашкан банда бар экени туурасында федералдык пресса 2000-жылдардын башында эле жазып чыккан. Бирок ага ошол кезде анчейин маани берилген эмес. Мында криминал менен укук коргоо органдарынын биргелешкен ишмердиги тууралуу айтылган болчу. Мында аталган аймак мыйзам менен эмес, ошол Цапкалардын түшүнүгү менен жашап калган болчу. Бул банданын бийлик органдары, анын ичинде прокуратура менен өтө чоң байланыштары бар экени жана аларды колдоп, калкалап келишкени тууралуу ошондо эле маалыматтар чыккан болчу. Мыйзамдуу мамлекеттик органдар эмес, бардык маселелерди Цапкалардын бандасы чечип калган болчу.

Чайканын уулдарынын кезинде Краснодарды титиреткен Цапкалардын бандасы менен байланышы эмнени каңкуулайт деген маселе Орусиянын коомчулугунда кызуу талкууланып жаткан учур. Бирок муну иликтөөгө алып, укуктук баа берүүгө Кремл шаша элек. Ошол эле кезде бул коррупциялык чатакты териштирип көрүп, маалыматтын чын-бышыгына чыгууга Мамлекеттик Дума да кирише элек.

XS
SM
MD
LG