Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:11

Путин менен Керри Москвада жолугат


Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри 15-декабрда Москвада жолугат. Кремль кабарлагандай, жолугушууга орус тышкы иштер министри Сергей Лавров да катышат. Бул жолугушуудан мурда Керри менен Лавров өзүнчө да сүйлөшүү өткөрөт.

Маалыматтарга караганда, Жон Керри менен Сергей Лавров телефон аркылуу исламчыл террордук топтордун тизмесин карап чыгууга макулдашкан. Тараптар Сириядагы кырдаалды талкуулап, маселенин чечүү жолдору боюнча айрым пикирлерде консенсуска келгени да айтылууда.

XS
SM
MD
LG