Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Шанхай кызматташтык уюму ички маалыматты коргоого каражат бөлөт


Шанхай кызматташтык уюмунун тиешелүү мекемелеринин ортосунда корголгон маалыматтык-телекоммуникациялык система түзүлөт. Бул үчүн каражат максаттуу түрдө бөлүнүп берилмей болууда. ШКУнун Кытайдын Чжэнчжоу шаарындагы саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин саммитинин жыйынтыгында кабыл алына турган макулдашуулардын негизгилеринин бири ушул.

Бүгүн Кытайда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны башталды. Саммитке Кыргызстандан премьер-министр Темир Сариев катышууда.

Жыйында ШКУнун Өнүгүү банкын түзүү боюнча ишти улантуу, уюмдун Атайын эсебин (фондун) ачуу, Бажы кызматтарынын ортосундагы кызматташтыктын 2016-2021-жылдарга программасы кабыл алынат. (RK)

XS
SM
MD
LG