Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Казакстан спорттук мелдештерде эски гимн аткарылып жатканына кабатыр


Казакстан гимн авторлорунун бири президент Назарбаев.
Казакстан гимн авторлорунун бири президент Назарбаев.

Спорттук иш-чараларда гимнди чаташтырып алган учурлар көп кезиге баштагандыктан, Казакстандын бардык элчиликтерине атайын тапшырма менен кат жиберилгенин өлкөнүн маданият жана спорт министринин орун басары Сакен Мусайбеков кабарлады. Анда ар кандай мелдештердин уюштуруучуларына жаңы гимнди берүү талабы камтылган. Мурдагы гимн ноябрда Хелсинкиде өткөн «Барыс» - «Йокерит» хоккей беттешинин ачылышында жаңырган.

Ошондой эле Грозныйда оор атлетчи Иля Илин, фигурист Денис Тенге сыйлык берилген учурда да коюлган. Өлкөнүн гимни 2006-жылы алмашып, «Менин Казакстаным» аттуу чыгарманы мамлекеттин башкы ырына айлантуу чечими кабыл алынган. Анын обонун Шамши Калдаяков чыгарса, сөзүнүн авторлору катары акын Жумекен Нажимеденов менен президент Нурсултан Назарбаев көрсөтүлгөн. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG