Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

“Саманчынын жолу” спектакли кайра коюлат


Бүгүн Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектаклинин бет ачары өтөт. Бул тууралуу аталган театрдын администратору Таалайбек Тургунов кабарлады. Тургуновдун айтымында, “Саманчынын жолу” спектаклин театрдын режиссеру Марат Козукеев жаңы өңүттө сахналаштырган. Толгонайдын образын Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева аткарат.

Алгачкы жолу “Саманчынын жолу” спектаклин режиссер Медербек Назаралиев сахналаштырып, бет ачары 1966-жылы Орус драма театрынын сахнасында өткөн. Толгонайды СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкова ойногон. Спектакль кыргыз драма театрынын репертуарында он жылдан ашуун жүрүп, миң ирет коюлган.(ZA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG