Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

ШКУ саммити ири унаа түйүнүнө айланып жаткан Чжэнчжоу шаарында өтүүдө


Шанхай Кызматташтык Уюмунун өкмөт башчыларынын кезектеги саммити бүгүн Кытайдын Чжэнчжоу шаарында өтүүдө. Кытай тарап жыйынды дал ушул шаарда уюштурганынын себеби, аталган шаар соңку жылдары дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө көбүрөөк буруп, Улуу Жибек Жолунун экономикалык шакекчесиндеги эл аралык маанилүү транспорттук түйүнгө айланууда. Расмий маалымат боюнча, быйыл биринчи жарым жылдыкта Чжэнчжоунун тышкы товар алмашуусу 300 миллиард юандан ашып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 21% ашты.

Кытай лидери Си Цзинпин 2013-жылы "Улуу Жибек жолунун экономикалык шакекчеси" долбоорун демилгелеген. Учурда бул долбоор ШКУ алкагында да кызуу талкууланып жатат.

Чжэнчжоунун калкы 100 миллион адам. 2013-жылы бул шаар менен Германиянын Гамбург шаарын байланыштырган түз темир жол ачылган болчу.

Бүгүнкү саммитке Кыргызстан тараптан премьер-министр Темир Сариев жетектеген расмий делегация катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG