Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:07

ШКУ төрагалыгы Кыргызстанга өтүүдө


Кытайдын Чжэнчжоу шаарында өтүп жаткан ШКУнун өкмөт башчыларынын саммити.

Кытайдын Чжэнчжоу шаарында өтүп жаткан ШКУнун өкмөт башчыларынын саммити.

2016-жылы Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмунда төрагалык кылат. Бүгүн Кытайдын Чжэнчжоу шаарында өтүп жаткан ШКУнун өкмөт башчыларынын саммитинде кыргыз премьер-министри Темир Сариев Кыргызстан төрага катары келерки жылы биринчи кезекте соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө аракет кыларын айтты.

Сариев бүгүнкү жыйындын жыйынтыгы менен кабыл алынган келишимдер Кыргызстан үчүн да маанилүү экенин белгилеп, бажы кызматтарынын ишин өркүндөтүү, түрдүү жаратылыш кырсыктарын алдын алуу, кадрларды даярдоо жана билим денгээлин жогорулатуу, инновациялык технологияларды пайдалануу багыттарын атады.

Ал эми маданий гуманитардык кызматташтыктын негизги жолдорунун бири катары билим берүү жана туризм аталды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG