Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Январдан тарта авиабилеттер 5 долларга кымбаттайт


"Манас" аба бекети
"Манас" аба бекети

2016-жылдын 1-январынан тарта эл аралык каттамдарга авиабилеттердин баасы 5 долларга кымбаттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун акционердик коомдор менен иштешүү башкармалыгынын жетекчиси Адилет Жакыбалиев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ар бир эл аралык каттам менен учкан жүргүнчүлөрдөн аэропорт үчүн 10 доллардан алынчу. Өкмөт башчы Темир Сариевдин 10-декабрдагы буйругуна ылайык, жаңы жылдан тарта ал сумма 15 долларды түзөт.

Премьер-министрдин буйругу коомчулукта нааразычылыктарды жаратууда. Өкмөт болсо чогултулган кошумча жыйымдар аба майдандарды оңдоого жумшалат деп ишендирүүдө. (UEz)

XS
SM
MD
LG