Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнө видеокамералар орнотулат


Жалал-Абад шаарынын 24 жерине - көчө кесилиштерине жана эл көп топтолуучу коомдук жайларга видеобайкоочу камералар орнотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Малика Мустапакулова “Азаттыкка” билдирди. Кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында бул долбоор 2016-жылы ишке ашат. Ал үчүн шаар мэриясы атайын иш план бекитип, шаардык кеңешке сунуштоодо. Долбоордун жалпы суммасы 8 млн. сом.

Жалал-Абадда өткөн кылмыштуулуктун алдын алуу багытындагы облустук координациялык кеңешме ар бир район шаарлардын башчыларына көчөлөргө видеокамераларды орнотуу жөнүндө тапшырма берген. (RsK)

XS
SM
MD
LG