Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:52

Американын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни Жалал-Абад облусундагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында аткарылып жаткан иштер жана бул багыттагы координациялык кенештердин алдыда аткарчу пландары менен таанышты.

Жалал-Абад шаардык мэриясы элчи айымга жана БУУнун Маңзаттарга жана кылмыштуулук каршы башкармалыгынын эл аралык координатору Кун Маркверинге жаштар арасында кылмыштуулукту алдын алуу багытында иштелип чыккан, 2015-2017-жылдары аткарылчу долбоорду тааныштырды. Бул багытта шаар бийлиги аны толук кандуу аткарууга донор уюмдардан колдоо керектигин билдирди. Шейла Гуолтни өкмөттүн облустагы өкүлү жана шаар мэри менен да жолугушуп, аймактын перспективалуу пландары менен таанышты. Мындан сырткары ал Сузак районундагы Кылмыштуулуктун да алдын алууга багытталган коомдук борбордун ачылышына катышат. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG