Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Кыргыз милициясынын курамында аялдардын жана башка улут өкүлдөрүнүн санын көбөйтүү максатында “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду “Устат-3” долбоорун ишке ашырууда. Сентябрда башталган долбоордун алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоодо өлкөнүн жети облусунан беш жүздөн ашуун кыз жана башка этнос өкүлдөрүнөн беш жүз чамалуу жигит милиционер болуу каалоосун билдиришкен. Алардын арасынан 120сы тандалып алынып, азыр милициядагы түйшүктөр, ийгиликтер тууралуу окутууларга катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” долбоордун эксперти Кана Айдаркул билдирди:

- Биз жүргүзгөн байкоого ылайык, азыр Кыргызстанда милицияда иштеп жаткандардын 13% аялдар. Алардын 6% пагон тагынат. Ал эми этностук азчылык өкүлдөрү 12% түзөт. Бул көрсөткүчтү көбөйтүү максатын көздөп жатабыз.

“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду буга чейин прокуратура тармагына жана техникалык адистиктерге кыздарды тартуу үчүн “Устат-1” жана “Устат-2” долбоорлорун ишке ашырган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG