Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Иранда “чочко ылаңынан” өлгөндөр 60ка чукулдады


Ооруга байланыштуу Иранда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Ооруга байланыштуу Иранда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлиги соңку бир ай ичинде “чочко ылаңын” жуктуруп, набыт кеткендер саны 57 кишиге жеткенин, дагы 900 адам оорудан жабыркап жатканын маалымдады.

Илдет негизинен өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү Керман жана Систан-Балужистан облустарында күч алууда.

Алгач ирет “чочко тумоосу” пандемиясы 2009-жылы Мексикада катталып, тез арада башка мамлекеттерге жайылган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебинде, оорудан 18 миңден ашуун киши жашоо менен кош айтышты. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG