Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

“Бүтүн Кыргызстан” менен “Эмгек” саясий партиялары ажырашты. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 15-декабрда аталган партиялардын саясий кеңеши чогулуп, жергиликтүү шайлоого өз бетинче катышуу тууралуу чечим кабыл алышкан.

- Биздин жаштар жаңы жылдан кийин жергиликтүү шайлоого өз алдынча катышалы деп сунуш киргизди. Саясий кеңеште буга макул болдук. Бирок “Бүтүн Кыргызстан” менен “Эмгектин” максаты, идеясы мурдагыдай эле бир, болгону жолдору гана башка болот, - деди Мадумаров.

Адахан Мадумаров 2020-жылдагы парламенттик шайлоого эки партия өз алдынча же чогуу катышары чечиле электигин кошумчалады.

“Бүтүн Кыргызстан” менен “Эмгек” партиялары 2015-жылдын 21-майында бириккен. Алар 4-октябрда өткөн шайлоодо жети пайыздык тосмону аша албай калган. “Эмгек” партиясын ишкер жана саясатчы Аскар Салымбеков жетектейт. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG