Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

АКШ Иранга каршы жаңы санкцияларды караштыруусу мүмкүн


Иран белгисиз жерден IMAD ракетасын сынаган учур. Сүрөт 11-октябрда 2015-жылы жарыяланган.
Иран белгисиз жерден IMAD ракетасын сынаган учур. Сүрөт 11-октябрда 2015-жылы жарыяланган.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест билдиргендей, эгер АКШнын чалгын мекемелери Иранга каршы жаңы санкциялар өлкөнүн улуттук коопсуздук кызыкчылыгына жооп берет, деген бүтүмгө келсе президент Барак Обама бул сунушту колдошу мүмкүн.

Улуттар уюмунун баяндамасында Иран быйыл 15-октябрда орто аралыкка учуучу баллистикалык ракетаны сынаганы көргөзүлгөн.

Улуттар уюмунун эксперттеринин эсебинде, Иран өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү ракетаны сыноо БУУнун маанилүү резолюциясын бузганын көрсөтөт.

Бул окуя Иран быйыл июлда дүйнөнүн алты ири державасы менен талаштуу өзөктүк программасы боюнча келишимге жетишкенден кийин баллистикалык ракетаны алгачкы ирет сыноосу болду.

АКШ менен катар Британия, Франция, Германия БУУнун коопсуздук кеңешинен окуяны иликтөө менен баллистикалык ракетаны сынаганы үчүн Иранга каршы “талаптагыдай чара көрүүгө” чакырышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG