Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Асылбек Марат уулу акындар айтышында баш байгени жеңди


Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреты, жазуучу, киносценарист, котормочу жана "Манастын" кара сөзүн жазып чыккан сүрөткер Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган төкмө акындар айтышында Асылбек Марат уулу баш байге 200 миң сомду утуп алды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төкмө акындар айтышы 14-15-декабрда Улуттук филармонияда өттү. 1-орунду Мамен Исраилов, 2-орунду Абдылда Нуралиев, 3-орунду Азамат Болгонбаев алды. Айтыштын байге фондуна 500 миң сом коюлган.

Ашым Жакыпбековдун биринчи китеби 1961-жылы “Жараланган көгүчкөн” деген ат менен чыккан. Ошондой эле ал “Кыйын багыт”, Шаа-Ата”, “Биз атасыз чоңойдук” деген сыяктуу терең психологиялык повесть, аңгемелердин автору.

Ашым Жакыпбековдун “Теңири Манас” романы 1994-жылы жарык көрүп, көзү өткөндөн кийин ага Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Жазуучу 1994-жылы 59 жаш курагында Бишкек шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.(ZA/UEz)

XS
SM
MD
LG