Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

БШК Саматовду кайра мандаттан ажыратты


Депутаттык мандаты талашка түшкөн Жыргалбек Саматов.
Депутаттык мандаты талашка түшкөн Жыргалбек Саматов.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жыргалбек Саматовго берилген мандатты 16-декабрдагы жыйынында кайрадан жокко чыгарып, Болотбек Ибраимжановдун мандатын кайра берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы мындай чечимин Орусиядан келген катка негиздеген. Комиссия 16-декабрдагы чечими менен Жыргалбек Саматовду депутаттык мандатынан ажыратышынын себеп-жөнүн БШК мүчөсү Жеңиш Акматов "Азаттыкка" мындайча чечмеледи:

- Кечээ күнү Орусиядан расмий түрдө Жыргалбек Саматов кайрылган эмес, ал кишиге биздин миграциялык кызмат кат жөнөткөн эмес деген жооп келди. Ошону менен Саматовдун бизге берген жана сотторго көрсөткөн каты калп, жасалма экени аныкталды. Ошондуктан биз өткөндө мандат берген чечимди бүгүн жокко чыгарып койдук.

Жеңиш Акматовдун айтуусунда, Жыргалбек Саматовдун буга чейин көрсөтүп келген каты боюнча териштирүү жүргүзүү өтүнүчү менен БШК Башкы прокуратурага кайрылды. Саматов ал катты сотторго жана БШКга көрсөтүп келген.

Жыргалбек Саматов өз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин негизсиз деп, кайрадан сотко кайрыларын айтып, буларга токтолду:

- Факстан бир кагаз алып туруп, ошонун негизинде жыйын куруп, менин мандатымды жокко чыгарышты. Анын түп нускасын көрсөткүлө десек, ал жок болуп жатат. Кат Кузнецова деген аялдан экен. Ал эмне деген аял, кандай аял экенин билбейт экем. Азыр каттын көчүрмөсүн сурап жатам. Аны алсам кайрадан Орусияга кайрылууга туура келет.

Жыргалбек Саматов аны тизмеден чыгарып салуу, мандатын бербей коюунун артында "Республика Ата Журттун" лидерлери турат деп шекшийт. Ал "Республика Ата Журт" партиясынын тизмесинде 18-болуп шайлоого барган. Шайлоонун жыйынтыгында өзүнө бөлүнгөн округдан жетиштүү добуш жыйнай алган эмес деп, алдын ала жазып койгон арызынын негизинде талапкерлер тизмесинен БШК чыгарган.

Белгилүү болгондой, парламенттик шайлоого аттанган көпчүлүк партиялар "бөлүнгөн округдан жетиштүү добуш алалбай калсам, өз ыктыярым менен мандаттан баш тартам" деп талапкерлерден алдын ала арыз жаздыртып алган. Жыргалбек Саматовдун мына ошондой арызын "Республика Ата Журттун" жетекчилиги Борбордук шайлоо комиссиясына берип, талапкер тизмеден чыгарылган. Кийинчерээк Саматов Орусиянын жараны экендиги жөнүндө маалымат чыгып кетип, ага мандат берилбей калган.

Мындай чечимге нааразы болгон Жыргалбек Саматов сотко кайрылып, депутаттык мандат алуунун аракетине киришкен. Жогорку Сот анын пайдасына чечим чыгарып, анын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы өткөн жумада Жыргалбек Саматовго депутаттык мандат берген болчу. Ошону менен бирге "Республика Ата Журттун" тизмесинде депутат болгондордун эң акыркысы болуп турган Болотбек Ибраимжановду мандатынан ажыраткан.

16-декабрдагы БШКнын чечими менен Ибраимжанов кайрадан депутаттык мандатка ээ болду. Ал эми бир нече күн эл өкүлү болуп, бирок ант берүүгө жетпеген Жыргалбек Саматов соттошуулардын жаңы айлампасын баштоого камданууда.

Борбордук шайлоо комиссиянын мурунку төрагасы Акылбек Сариев БШКнын Жыргалбек Саматовго байланыштуу чечимдерин "мышык-чычкан оюну" менен салыштырды:

Акылбек Сариев
Акылбек Сариев

- Маселе мышык-чычкан оюну сыяктуу болуп жатат. Жогорку Соттун акыркы чечимин мен көргөм. Жогорку Сот чечим чыгаргандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы өзү башкача чечим кабыл алганга укугу деле жок, жарандыгы тастыкталган кагаз болмоюн. Жогорку Соттун чечими тургандан кийин аны жокко чыгарып, анан гана чечим кабыл алышы керек эле. Мунун түбү жакшы бүтпөйт го деймин. Тиешелүү органдар чыр болгондон кийин изилдеш керек.

Акылбек Сариев маселе жогорку бийлик органына байланыштуу болуп жаткандыктан, аны Жогорку Кеңеш да кароого тийиш экенин кошумчалады. Белгилеп кете турган жагдай, жарандыгы талаш чакырган Жыргалбек Саматов буга чейин беш жыл бою Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG