2015-жылдын 19-20-декабрында көпчүлүк аймактарда кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар калың жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болушу жана толуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. 19-декабрда кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.
20-21-декабрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10…15° суук, күндүз 3…8° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 0...5° суук, тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 12…17°, күндүз 3…8° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн 20…25° суук, күндүз 5…10° суук, бийик тоолуу райондордо жана Ат-Башы, Ак-Таала райондорунда түнкүсүн 27…32° суук, күндүз 13…18° суук болушу күтүлөт.
17-декабрда абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0..-5, күндүз 2...7,
Таласта түнкүсүн -5...-10, күндүз 2...7,
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 1... 6,
Нарында түнкүсүн -18...-24, күндүз -7...-12,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24...-29, күндүз -10...-15.
17-декабрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3° суук, күндүзгү жогорку температурасы 5…7° жылуу болушу күтүлөт.