Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51

Доллардын өсүшүнөн өлкө казынасы 200 млн. доллар жоготту


Доллардын сомго карата кымбаттосунан улам Кыргызстандын бюджети 200 млн. доллар жоготту. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев парламент жыйынында билдирди. Ушул эле жыйында “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев кыргыз өкмөтү доллар менен сом арасындагы айырмачылыктан жоготкон каражат эки миллиард сомдон ашык деп айтты.

Улуттук банк сомдун кунун көтөрмөлөө максатында ушул декабрь айында эле 10 млн. доллар интервенциялады. Учурда 1 АКШ доллары расмий курс боюнча 75-76 сомго бааланууда. Доллар сомго карата бир жыл ичинде дээрлик 20 сомго кымбаттады.(UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG