Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

Украина Орусия анексиялаган Крым менен сооданы бир ай ичинде токтотот


Премьер-министр Арсений Яценюк

Премьер-министр Арсений Яценюк

Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Арсений Яценюк өкмөт жыйынында жарыялады. Украин премьеринин айтымында, кабинет Крым менен соода-сатык жана кызмат көрсөтүү жаатындагы кызматташтыкка 30 күн ичинде толук тыюу салууну чечти.

Чектөө болгону социалдык жактан маанилүү азык-түлүккө, гуманитардык жардамга гана киргизилбейт.

Ал эми Крымга электр кубатын берүүнү калыбына келтирүү Украинанын Коргонуу жана коопсуздук кеңеши гана чече турган маселе.

Орусия былтыр мартта анексиялаган Крым өткөн айда белгисиз адамдар Украинадан келген жогорку чыңалуудагы электр зымдын мамыларын жардырып салган соң жарыксыз калган эле.

Электр кубатынын тартыштыгы Крымда кризис жаратып, Украина менен Орусия мамилесиндеги чыңалууну күчөттү. Орусия жооп чара иретинде Украинага көмүр сатууну токтотуп койгон. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG