Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Тажикстанда оппозициялык саясатчынын туугандары суралууда


Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабиринин 95 жаштагы атасы менен туугандары кармалып, суракка алынганы кабарланды. Бирок алар жашаган Файзабад районунун Касамдар айылдык кеңешинин төрагасы Бекназар Шоев муну четке какты. Анын айтуусунда, укук коргоо органдары Кабиринин туугандары менен сүйлөшүп, ага туура жолду көрсөтүп, акыл берүүнү өтүнүшкөн.

Кабиринин жакындары 15-декабрда аларды милиция кармап кеткенин, сурактын жүрүшү видеого тартылганын жарыялашкан. Ал эми чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Мухиддин Кабири муну сындап, бийлик бул кадамы менен өзүн Тажикстандагы адам укугу тууралуу Вашингтондогу талкууга катышуудан баш тарттырууну максат кылып жатканын айтууда.

Тажикстандын Жогорку соту коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода баштаган топтун козголоңунан кийин Ислам кайра жаралуу партиясын террордук бирикмелердин катарына кошуп, анын өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыюу салган болчу. (NT\SE)

XS
SM
MD
LG