Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Cаясатчы-активисттерди милиция кармап кетти


Журналисттер Дайыр Орунбеков, Адилет Айтикеев жана оппозициялык активист-саясатчылар Бектур Асанов, Уран Ботобеков, Адил Турдукулов, Тимур Саралаев жана Орозбек Шарабидинди Ак үйгө жакын жерден милиция кармап кетти. Бул тууралуу Адил Турдукулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, алар бүгүн журналист Дайыр Орунбековго салынган акчалай айыпты президентке тапшырышмак.

- Биз Тарых музейинин артындагы Лениндин эстелигинин алдына чогулуп баштаганбыз. Колубузда элден чогултулган 12 миң сомду эки баштыкка салып алганбыз. Милиция эч себеби жок эле бизди кармап кетти. Акчаны президентке же анын жакындарына берели дегенбиз, - деди Турдукулов.

Турдукулов кошумчалагандай милиция акцияны чагылдырганы барган кабарчыларды да кармап, кийин кайра бошоткон. Бул боюнча милиция комментарий бере элек.

Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрь “Мaalymat kg” интернет сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялаган. Анда Ош окуясына саясий баа берүү маселеси көтөрүлгөн. Башкы прокуратура макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген деп кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк доо арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, журналистке каршы миллион сомдук доо коюлган. 16-июндагы сотто башкы прокурор доонун өлчөмүн дагы бир миллион сомго көбөйткөн. Буга чейин ал эки миллион сомду топтоо үчүн Орунбековдун кеңсесине атайын куту орнотулуп, ыктыярчылардын жардамы менен көчө-базарларды кыдырып, бир сомдон чогултулган. Жыйынтыгында жалпысы 12 миң сом жыйналган. (UЕz)

XS
SM
MD
LG