Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Унаа жана байланыштар министрлигине кылмыш иши козголду


Планшет (Интернеттен алынган сүрөт).
Планшет (Интернеттен алынган сүрөт).

Кыргызстандын унаа жана байланыштар министрлиги тарабынан сатылып алынган электрондук планшет, компьютер, ноутбуктар боюнча ИИМ кылмыш ишин козгоду. Унаа жана байланыштар министринин орун басары Улан Уезбаевдин ырасташынча, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Уезбаев кошумчалагандай, жалпы суммасы 2 млн. 200 миң сомго сатылып алынган электрондук техникалар Айыл чарба министрлигине берилген.

Эске салсак, буга чейин ЖК депутаттары аталган министрлик ар бир ноутбукту 900 доллардан баалап сатып алганына нааразы болушкан. Эл өкүлдөрү мындай техника базарда 300 доллардан экенин эске салып, финансылык отчетту талап кылышкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG