Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Нарын району 85 жылдыгын белгилөөдө


Бүгүн Нарын облустук академиялык драма театрынын имаратында Нарын районунун түзүлгөндүгүнүн 85 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып жатат. Мааракенин ачылышында Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев аймакта аткарылып жаткан бир катар иштер менен тааныштырды.

Бул мааракеге карата райондук мамлекеттик администрациянын алдында музей ачылып, ага райондон чыккан улуу инсандардын сүрөттөрү илинип, алар колдонгон буюмдар коюлган.(MiK)

XS
SM
MD
LG