Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Аба ырайы: чукул билдирүү


20-21-декабрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10…15° суук, күндүз 3…8° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 0...5° суук, тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 12…17°, күндүз 3…8° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн 20…25° суук, күндүз 5…10° суук болот. Бийик тоолуу райондордо жана Ат-Башы, Ак-Таала райондорунда түнкүсүн 27…32° суук болсо, күндүз абанын температурасы 13…18° төмөндөшү күтүлөт.

Мындай аба ырайы автожолдордун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

18-декабрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорундо жана Кыргыз тоо кыркаларында бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

18-декабрда абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1..-6, күндүз 2...7,

Таласта түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,

Баткенде түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0... 5,

Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -9...-14,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -9...-14.

18-декабрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3° суук, күндүзгү жогорку температурасы 4…6° жылуу болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG