Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Арал деңизинин жашы аныкталды


Солдо Аралдын 1984-жылдагы, оңдо 2012-жылдагы абалы.
Солдо Аралдын 1984-жылдагы, оңдо 2012-жылдагы абалы.

Арал деңизинин жашы 24 миң жылдын айланасында экени аныкталганын орус окумуштуусу, геология-минералогия илимдеринин доктору Сергей Кривоноговдун айтканына таянуу менен Өзбекстандын маалымат агенттиктери жазып чыкты. Окумуштуунун сөзүнө караганда, изилдөө иштери 13 жылга созулуп, деңиздин жашы радиокөмүртек ыкмасы менен аныкталган. Ал деңиз азыркыдай биринчи жолу соолуп калбаганын, акыркы эки миң жыл ичинде Арал эки жолу катуу кургап калууга дуушар болгонун да айткан.

Арал Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы деңиз. 1960-жылдан тарта андагы суу тартыла баштаган. Ага деңизге куйган Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыя суусу жаңы өздөштүрүлгөн жерлерге сугат үчүн бурулуп кетиши негизги себеп болгон. 2014-жылы деңиздин чыгыш бөлүгү толугу менен соолуган.

Арал суусу тартылганга чейин чоңдугу боюнча дүйнөдөгү төртүнчү деңиз болгон.

XS
SM
MD
LG