Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Милиция кармап кеткен активисттерге сот айыппул салды


Дайыр Орунбековго салынган айыппулду топтоо үчүн активисттер "1 сомдон чогултуу" акциясын уюштурушкан.
Дайыр Орунбековго салынган айыппулду топтоо үчүн активисттер "1 сомдон чогултуу" акциясын уюштурушкан.

Бейбаштык кылды деген негизде бүгүн Бишкекте милиция кармап кеткен жети активисттин ишин Биринчи Май райондук соту карап, айрымдарына айыппул салды. Журналист Дайыр Орунбековго 500 сом, жарандык активисттер Адил Турдукуловго, Уран Ботобековго жана Орозбек Шарабидинге 1000 сомдон, Бектур Асановго 2000 сом айыппул салынды. Адилет Айтикеев акталды. Тимур Саралаевге болсо 500 сом айыппул салынды.

Аларга "уруксатсыз акцияга чыгуу, күч кызматкерине баш бербөө жана майда бейбаштык" сыяктуу айыптар тагылган. Активисттердин адвокаты Азиза Абдрасулова тагылып жаткан айыптарды мыйзамсыз деп атады.

Бүгүн жети активистти Ак үйгө жакын жерден милиция кармап кеткен. Алар журналист Дайыр Орунбековго салынган акчалай айыпты төлөө үчүн чогултулган 12 миң сомду президентке тапшырмак болушкан.

Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрда “Мaalymat. kg” интернет сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялаган. Анда калабага саясий баа берүү маселеси көтөрүлгөн.

Башкы прокуратура макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтиргенин белгилеп иш козгогон. Сот Орунбековго 2 миллион сом айыппул салган. Элден бул каражаттын 12 миң сому топтолгон. (SE)

XS
SM
MD
LG