Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Жалал-Абад: бузулган тамак-аш өмүрдү алды


Жалал-Абадда бир нече адам тамак-аштан ууланып бейтапканага жаткырылса, оор абалдагы 14 жаштагы кыз каза тапты.

Жабырлануучулардын көпчүлүгүн жаш балдар түзөт. Адистердин ырасташынча, кыш мезгилинде консерваланган азыктардан уулангандар көбөйүп, ботулизм дарты күчөйт.

Ушул жылдын 8-декабрында Базар-Коргон райондук ооруканасына бузулуп калган тамак-аштан ууланган бир үй-бүлөдөн беш адам жаткырылган. 9-декабрда оорусу күчөп кеткен 14 жаштагы Диана Уланбек кызы бейтапканада көз жумду. Дарыгерлер бул үй-бүлө чогулуп туздалган бадыраң жеп, тамак-ашка уулануу же ботулизм дартына чалдыкканын аныкташкан. Бейтаптардын абалы боюнча райондук оорукананын башкы инфекциялык дарыгери Бакыт Кулназаров айтып берди.

- Алгач келгенде эки баланын абалы абдан оор болчу. Сурамжылап тактаганыбызда, бул үй-бүлө бир күн мурда туздалган бадыраң жеген экен. Ал учурда апасы жумушта болгон. Кечинде апасы келип анын суусун ичип алган. Ошол эле күнү дарыгерлер дартты аныктап, тамак-аш ботулизми экендигин тактап, керектүү дары-дармектерди бердик. Бирок бир кыздын абалы оор болгондугуна байланыштуу каза болуп калды. Үй-бүлөнүн дагы бир мүчөсү - 10 жаштагы бала азыр реанимация бөлүмүндө өзүнө келе албай жатат. Ал эми үчөө жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда, абалдары жакшы.

Жалал-Абад: тамак-ашка уулангандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00

Ушундай эле дартка чалдыккан беш жаштагы наристе азыр Жалал-Абад облустук ооруканасында 1-декабрдан бери өзүнө келе албай жатат. Аты- жөнүн атагысы келбеген бейтаптын апасы кызы "Дюшес" суусундугун ичкенден кийин жаман сезгенин айтып, көзүнө жаш алат.

- Кызым атасы менен бирге олтуруп “Дюшес” ичкен болчу. Андан көп узабай эле дартка чалдыкканын байкадык. Кызым баса албай калган соң бир күндөн кийин ооруканага алып келдик. Жолдошум ошол күнү көзүмө бардык нерсе эки болуп көрүнүп, өзүмдү жаман сезип жатам дегенинен бейтапканага келген. Азыр кызым комада жатат, үй шартында даярдалган туздалган бадыраң жеген эмеспиз. Бирок 15 күн мурда чыпталган жашылча ширесин ичкен болчубуз. Анткен менен кызымдын дарты “Дюшес” суусундугунан улам болсо керек деп жатам. Учурда абалы оор, 16 күн болсо да өзүнө келе албай жатат.

Бейтап кыздын атасы 10 күн дарыланып сакайып чыгып кеткен. Ал эми кыздын абалы дале оор бойдон калууда. Суусундуктан жабыркадык деген маалыматка дарыгерлер кошулбайт. Бейтаптарга так диагноз коюлуп, ботулизм дартын аныкташкан.

"Бул оору чала бышкан эт, балык, колбаса, ар түрдүү консерваланган тамак-аштан пайда болот" дейт облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башкы дарыгери Анара Ташполотова:

- Бул кыздын оорусу толук аныкталды. Булар бир үй-бүлөдө консерваланган компот ичкен жана туздалган бадыраң жеген. Өздөрү айтып жаткан “Дюшес” ичимдигинен мындай уулануу болушу мүмкүн эмес.

Ботулизм жылчыксыз жабылган идиште таза жуулбаган жана жетишерлик кайнатылбаган өсүмдүктөр аркылуу козголот. Бул тамак-ашты жеген адам ууланат. Уулуу зат организмдеги ичегиге тез сиңет, андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системасын жабыркатат.

"Ошол себептүү үй шартында даярдалган азыктарды колдонууда сак болуу керек" дейт санитардык дарыгер Салимбек Самартканов:

- Ботулизм оорусун чакыруучу микробу өзүнөн-өзү ууланууга алып келбейт. Ал бир гана абасыз, чыпталган идиштерге токсин бөлүп чыгарып, аны колдонууда ууланууга алып келет. Салат, кыямдарды жайында жапканда микроб кошо пайда болуп, кийинчерээк уулануу билинет. Биринчи баш мээси, анан ашказан ооруп баштайт. Оорулуунун көзү тумандайт. Бир буюм эки болуп көрүнөт, тамак ичүүдө кыйынчылык жаралат, табити жоголот. Оорунун алгачкы белгилери ушундайча башталат. Ошол себептүү кандайдыр бир жыт пайда болгон консерваланган тамак-аштарды колдонбоо керек.

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 11 үй-бүлөдөн 24 адам ботулизмди жуктуруп кайрылган. Анын ичинен үчөө каза тапкан. Өткөн жылы 8 үй-бүлө ууланып, бактыга жараша, адам өмүрү кыйылган эмес. Адистер колдо жасалып жабылган бадыраң, помидор, баклажанды көп колдонбоого чакырууда.

XS
SM
MD
LG