Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

Өзбек-тажик сүйлөшүүсү кийинкиге калды


Өзбекстан жана Тажикстан тышкы иштер министрликтер тобунун бүгүн Дүйшөмбү шаарында өтөрү белгиленген сүйлөшүүлөрү белгисиз убакытка жылды. Бул тууралуу маалымат тараткан өзбек тышкы иштер министрлигинин кабарында анын себептери жана сүйлөшүү эми качан өтөрү айтылган эмес.

17-18-декабрь күндөрү өтүшү күтүлүп жаткан жолугушууга эки тараптан тең тышкы иштер министринин орун басарлары жетекчилик кылып, анда негизинен чек ара, соода-сатык, транспорт жана коммуникация маселелери талкууланары күтүлүп жаткан.

REGNUM маалымат агенттиги өзбек тышкы иштер министрлигиндеги булагына таянып, тараптар айрым маанилүү маселелерде тил табыша албай калганын жазып чыкты.

Борбор Азиядагы бул кошуна эки өлкөнүн алакасы эгемендик алган 1991-жылдан бери жакшы жанданбай келатат. Айрыкча Тажикстан Рогун ГЭСин куруп бүтүрүү чечимин кабыл алган соң эки ортодогу мамиле сууп кеткен. Бул ГЭС курулушуна расмий Ташкент азырга чейин каршылык билдирип келет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG