Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Террорчуларга кошулууга шектелген орус студентин камоо узарды


Варвара Караулова сотто.

Варвара Караулова сотто.

Москванын Лефортов соту тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуу аракети үчүн айыпталган Варвара Караулованы камакта кармоо мөөнөтүн кийинки жылдын 27-мартына чейин узартып, ага психиатриалык экспертиза жүргүзүүнү дайындады.

Соттун бул чечимине каршы даттанарын айткан адвокаттар Варвара Сирияга "Ислам мамлекети" тобуна кошулууга эмес, "сүйгөнүнө жолугуу үчүн жол тартканын" белгилешүүдө. Алардын жүйөсүндө, кыз эч кандай кылмыш жасаган эмес, бирок алданганы факт. "Бул үчүн ага катаал айып тагылып жатышы калыстыкка жатпайт", - дейт адвокат Сергей Бадамшин.

ММУнун философия факультетинин студенти, 19 жаштагы Варвара Караулова быйыл майдын соңунда бейдарек кетип, июндун башында Түркия-Сирия чек арасынан өтмөкчү болуп жаткан орусиялык 13 адамдан турган топтун курамында кармалган. Октябрга чейин ал бул боюнча козголгон кылмыш ишинде күбө катары өтүп келген. Иштин негизги фигуранттары аны азгырууга шектелгендер болгон. Бирок тергөөчүлөр сурактан жана анын үйүн тинтүүдөн кийин кыз "тыюу салынган топтун өкүлдөрү менен байланышын мекенине кайткандан кийин деле үзбөгөнүн" билдирген соң, 28-октябрда камакка алынган.

Апасы кызынын аракетин аны азгырууга шектелген адамды сүйүп калганы менен түшүндүрүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG