Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

“Сейде” тасмасы эл аралык Sundance фестивалына катышат


"Сейде" тасмасынан көрүнүш
"Сейде" тасмасынан көрүнүш

Кыргызстандык режиссер Элнура Осмоналиеванын “Сейде” фильми АКШда абройлуу саналган Sundance кинофестивалына тандап алынды. Бул тууралуу “Кыргызсинема” уюмунан кабарлашты. Жалпысынан 72 кыска метраждуу фильмдер катышып жаткан иш-чара 2016-жылдын 21-январынан 31-январына чейин Юта штатында болот.

Sundance институту коммерциялык эмес уюм болуп саналып, дүйнө жүзүндө көз карандысыз кино жана театр тармагын өркүндөтүү жаатында иш алып барат. Фестиваль 1981-жылдан бери уюштурулат.

“Сейде” фильминде тоолуу аймакта жашаган кыздын жашоосу жана анын жылкыга болгон мээрими тууралуу баяндалат. Тасма буга чейин Венеция эл аралык кинофестивалына катышып, калыстардын мактоосуна арзыган. (SE)

XS
SM
MD
LG