Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Каржы министрлеринин ИМ тобуна каршы кадамы


Каржы министрлеринин жыйыны.
Каржы министрлеринин жыйыны.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин он беш катышуучу өлкөсүнүн каржы министрлери “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы санкцияларды катаалдаштыруу боюнча резолюцияны бир добуштан колдоду. Бул документ “Ислам мамлекети” тобунун каржылык каналдарын жабууну көздөйт. Бул резолюцияда ошондой эле Коопсуздук Кеңешинин “Аль-Каидага” жана “Ислам мамлекети” тобуна карата мурдагы реозолюциялардын талаптарын айрым өлкөлөрдүн аткарбай койгонуна тынчсыздануу билдирилген.

Каржы министрлер кеңешинин биринчи жыйынына АКШнын финансы министри Жэкоб Линч төрагалык кылды. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алдындагы каржы министрлеринин кеңеши быйыл февраль айында түзүлүп, террорчул уюмдардын тартып алган мүлктөрдү соодалоосуна жол бербөө максатын көздөйт.

XS
SM
MD
LG