Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:25

АКШ: Террорчу жубайлардын коңшусу кармалды


АКШнын Сан-Бернардино шаарындагы террордук чабуулга шектелген жубайлардын мурдагы коңшусу айыпталды. 24 жаштагы Энрике Маркес террорчу жубайлар социалдык борборго кол салууда колдонгон эки мылтыкты мындан үч жыл мурун сатып алганы аныкталган. Ошондой эле анын жардыруучу зат менен түтөбөгөн дүрмөт алганы тергөөдө иликтенген. Тергөөчүнүн айтымында, Энрике Маркес Саед Фарук менен биргеликте аталган курал-жарак жана жардыруучу затты колдонуп, бир нече кол салуу уюштурууну мерчемдешкенин моюнуна алган. Алар Сан-Бернардинодогу муниципиалдык колледжге жана тыгында турган айдоочуларга каршы кол салууну көздөшкөн. Бирок өнөктөрдүн бул пландары ишке ашкан эмес.

Энрике Маркес жубайлар Саед Фарук менен Ташфин Маликтин 2-декабрдагы террордук чабуулу тууралуу эч нерсе билбегенин айткан. Ал Фарук менен мындан он жыл мурун таанышып, анын таасири менен исламды кабыл алганын билдирген.

XS
SM
MD
LG