Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:21

Украина Орусияга 3,5 миллиард доллар карызын төлөөнү токтотту


Украинанын улуттук банкы.

Украинанын улуттук банкы.

“Соттун тиешелүү чечими чыкканга чейин Орусияга төлөнчү 3 миллиард 582 миллион доллар карызды кайтаруу 18-декабрдан тарта токтотулат”, – деп билдирди Украинанын өкмөт башчысы Арсений Яценюк.

2013-жылы Украина Орусиядан алган 3 миллиард доллардык еврооблигация кайтарыла элек. Карызды кайтаруу токтотулардан илгерээк Эл аралык валюта корунун директорлор кеңеши Украинанын Орусияга карызын тааныган.

Украинанын мурдагы президенти Януковичтин тушунда Орусия карызын реструктуризациялоо боюнча келишимге жетише алышкан эмес. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны сотко берүүнү тапшырган. 3,5 миллиард доллардык карызды украин премьер-министри Яценюк коммерциялык карыз деп атап өкмөт Орусия менен соттошууга даяр экенин билдирген.

Ал арада Эл аралык валюта кору Укрина бюджетинде карызды кайтарууга каражат каралбаса бул өлкөгө берилчү каржылык жардамын токтотуп коюшу мүмкүн экенин эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG