Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

БУУнун коопсуздук кеңеши Сирия боюнча резолюция кабыл алды


Коопсуздук кеңешинин жыйыны
Коопсуздук кеңешинин жыйыны

Анын алдында Кеңештин беш туруктуу өкүлү Сирияда ок атууну токтотуу режимин колдогон документтин жана улуттук биримдиктеги өкмөттү түзүү боюнча эки жылдык пландын долбоорун макулдашкан эле.

Сирия бийлиги менен оппозициясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү 2016-жылдын январь айында баштоо каралып жатат.

Жума күнү Нью-Йоркто АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин демилгеси менен чакырылган Сирияны колдоо боюнча эл аралык топтун жолугушуусу болуп өттү. Аталган топко мүчө 17 өлкөнүн тышкы иштер министрлери, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана БУУнун алдындагы Сириянын өкүлү Стаффан де Мистура Башар Асаддын бийлиги менен оппозициянын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана элдештирүүнүн жолдорун талкуулашты. (AzK)

XS
SM
MD
LG