Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды дагы жарым жылга узартат


Евробиримдиктин Брюсселдеги штаб-квартирасы

Евробиримдиктин Брюсселдеги штаб-квартирасы

Орусияга каршы санкциялар 2016-жылдын июль айынын аягына чейин узарат. Мындай чечимди жума күнү Брюсселде Евробиримдикке кирген 28 өлкөнүн туруктуу өкүлдөрү кабыл алды

Евробиримдик Орусия Украинанын чыгышындагы конфликтти тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Минск келишинин шарттарын жетишерлик аткарган жок деп эсептеп, Москва жикчилдерди активдүү колдоп жатканын белгилейт.

Бирок Орусия муну кескин четке кагууда.

Чектөөлөр энергетика жана банк тармагына, ошондой эле Орусиянын куралдуу өндүрүшүнө тийешелүү. Бул чечим эгер Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн биринен да каршы пикирдеги кат келбесе, 21-декабрда толук күчүнө кирет.

Буга чейин Орусияга каршы санкциялардын максаттуулугу туурасында Италия бир нече ирет шектенүүсүн билдирген. Бирок ал Евробиримдиктеги көпчүлүктүн таасиринен улам азыркы чечимге кошулду. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG