Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:12

Жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 44,5 миллион сом чогулду


Жер титирөөдөн жабыр тарткандарга контейнерлерден үй берилүүдө.

Жер титирөөдөн жабыр тарткандарга контейнерлерден үй берилүүдө.

Ош облусундагы болгон жер титирөөдөн жабыр тарткан үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн чогултулган бул акча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түштү. Бул каражат жаратылыш кырсыгына кайдыгер карабаган жарандардан, коммерциялык жана эл аралык уюмдардан, мамлекеттик мекемелерден топтолгон.

Министрликтин маалыматында 17-ноябрда Ошто болгон жер титирөөдөн улам келтирилген чыгымдардын жалпы суммасы 390,2 миллион сомду түзгөн.

Ал күнү жер тирөөнүн күчү 7 баллга жетип, ал Бишкек, Жалал-Абад, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда сезилген.

Министрлик жер титирөө болгон аймактагы 6000 миңден ашык турак жайды текшерип, анын ичинен 3,5 миңи зыян тартканын, 500ү авариялык абалда экенин аныктаган.

Өкмөт үйү жараксыз болуп калган жарандар үчүн 82 контейнер-үйлөрдү тургузуп берген. Бирок ушул тапта дагы ондогон адамдар чатырларда баш калкалоодо. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG