Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Жумгалдагы жер титирөөдөн зыян тарткандарга мобилдик үйлөр берилди


17-ноябрда Ош облусунун аймагында да жер титирөө катталып, анын күчү 7 баллга жеткен. Андагы жер силкинүүдө үйү жабыркагандарга контейнер үйлөр берилген.
17-ноябрда Ош облусунун аймагында да жер титирөө катталып, анын күчү 7 баллга жеткен. Андагы жер силкинүүдө үйү жабыркагандарга контейнер үйлөр берилген.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма көз кызматынан кабарлашты. Жер титирөөнүн кеcепеттерин текшерүүдө район боюнча 252 үй жана социалдык объекттер зыян тарткандыгы аныкталган.

Үй-жайы жараксыз абалга кептелген үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылуу милдетин айыл өкмөттөр алышкан. Миң-Куш айылындагы эки үй-бүлөгө ӨКМ тарабынан эки мобилдик үй берилди. Мындан тышкары ӨКМдин Ош шаарындагы бириккен кампасынан 360 миң сомдук гуманитардык жардам көрсөтүлгөн.

7-декабрда Кыргызстанда очогу Жумгал районунда болгон 6,5 баллдык жер титирөө катталган. Ага чейин, 17-ноябрда Ош облусунун аймагында да жер титирөө катталып, анын күчү 7 баллга жеткен.

Министрлик Ош облусундагы жер титирөө болгон аймактагы 6000 миңден ашык турак жайды текшерип, анын ичинен 3,5 миңи зыян тартканын, 500ү авариялык абалда экенин аныктаган. (MiK)

XS
SM
MD
LG