Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Орусия Киев 3 миллиард доллар карызын төлөбөсө сотко кайрылат


Орусиянын каржы министри Антон Силуанов
Орусиянын каржы министри Антон Силуанов

Эгер карыз 31-декабрга чейин төлөнбөсө Орусия сотко кайрыларын журналисттерге каржы министри Антон Силуанов билдирди. Ал муну 18-декабрдагы Киевдин Орусиянын алдындагы карызды төлөөгө мораторий киргизүү чечимине байланыштуу билдирди.

“Эл аралык валюта фонду карыз расмий экенин тастыктады, бирок Украина болсо карыздын расмий макамын таанууга негиз берген эч кандай сунуш жасаган жок. Эгер Украина 31-декабрга чейин төлөбөсө, анда Орусия бул каражатты күчтөп алуу боюнча сотко кайрылат”,-деди ал.

Тараптар Украинанын мурдагы президенти Януковичтин тушундагы орус карызын реструктуризациялоо боюнча келишимге жетише алышкан эмес.

3,5 миллиард долларлык карызды украин премьер-министри Яценюк коммерциялык карыз деп атап, өкмөт Орусия менен соттошууга даяр экенин билдирген.

Ал арада Эл аралык валюта кору Украина бюджетинде карызды кайтарууга каражат каралбаса, бул өлкөгө берилчү каржылык жардамын токтотуп коюшу мүмкүн экенин эскертти. (AzK)

XS
SM
MD
LG