Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Нарында карышкыр күч алды


Нарында карышкыр жеп кеткен малдын чыгымы 12 миллион сомго жетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирүүдө. Карышкырды жок кылуу үчүн өкмөттөн 500 миң сом каралган. Бирок ушул тапта анын 150 миң сому гана Нарын өкүлчүлүгүнүн эсебине түшкөн.

Облустагы бийлик өкүлдөрү карышкыр аткан мергенчилер үчүн сыйлыктын көлөмүн 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин көтөрүүнү өтүнүп, өкмөткө жана парламентке кат жолдошту. Мергенчилер беш миң сом алардын эмгегин актабай турганын айтышууда.

Нарында мергенчилердин 63 тобу бар. Жыл башынан бери аймакта 18 карышкыр, 42 бөлтүрүк атылган. (AzK/MiK)

XS
SM
MD
LG