Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Армения менен Азербайжандын президенттери Бернде жолугушту


Армениянын президенти Серж Саргсян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев. Швейцария, 19-декабрь,

Армениянын президенти Серж Саргсян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев. Швейцария, 19-декабрь,

Армениянын президенти Серж Саргсян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев узактан бери болуп келе жаткан Тоолуу-Карабактагы чыр-чатакты жөнгө салууга аракет көрүү максатында ишемби күнү жолугушту. 19-декабрдагы кездешүү тууралуу башка эч кандай маалымат айтылган жок.

Швейцариянын чакыруусу менен уюшулган жолугушуу эки өлкөнүн чек арасында абал жана кагылышуулар курчуп турган учурда өттү.

Кечээ жакында Орусиянын, АКШнын жана Франциянын ортомчулары Саргсян менен Алиев ок атышууну токтотууну макулдашат жана көптөн бери токтоп калган тынчтык келишимин издөө жараянын жандандырышат деген үмүттөрүн билдиришкен.

Эки президенттин жекеме-жеке жолугушуусунан кийин Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлеринин кеңири форматтагы жана ЕККУнун Минск тобунун теңтөрагасы жана ЕККУ төрагасынын жеке өкүлү Анджей Каспршиктин катышуусундагы жолугушуусу мерчемделгени айтылган.

Армения менен Азербайжандын президенттеринин акыркы жолугушуусу 2014-жылдын 27-октябрында Парижде өткөн .

ЕККУнун ортомчулары буга чейин Тоолуу-Карабактагы «кво-статусу» «туруксуз болуп кеткенин» эскертишкен болчу. 17-18-декабрда да чек арадагы жаңжалдан улам Тоолуу-Карабак аймагында бир азербайжан жана үч армян жоокери каза тапты.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG