Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

Гарибашвили: Грузия жарандары Европага визасыз барат


Тбилиси, 20-декабрь

Тбилиси, 20-декабрь

Грузин бийлиги Тбилиси тарабынан “Виза режимин либерализациялоо боюнча аракеттердин планынын” аткарылышы туурасында Европа комиссиясынын позитивдүү баяндамасын кубануу менен кабыл алды. Грузин жетекчилиги 2016-жылдан тарта өлкө жарандары Шенген аймагындагы мамлекеттерге визасыз бара баштарын билдирүүдө.

Жергиликтүү байкоочулар Евробиримдик жакшы ниетин билдиргени менен өлкө башчыларынын жана Евробиримдиктин өкмөттөрүнүн деңгээлинде акыркы чечим чыга электигин белгилеп, Грузия менен визасыз режим кылмыштуулуктун жогорку деңгээлине байланыштуу тобокелчиликтерге байланганын белгилешет.

Грузин лидерлери болсо виза режиминин жоюлушун чечилген маселе деп эсептөөдө. Премьер-министр Ираклий Гарибашвили баяндама жарык көргөн күндү тарыхый окуя катары сыпаттап, эми грузин жарандары 2016-жылдын жай айларынан тарта каттай баштарын, визасыз режимди грузин паспортторун алган Абхазия жана Түштүк Осетиянын тургундары дагы пайдалана аларын белгиледи.

"Демократиялык кыймыл-Бирдиктүү Грузия" партиясынын төрайымы Нино Бурджанадзе өз мекендештерине визасыз режимдин тобокелчиликтери бар болгонун эскертип, ал Евробиримдикке кирген өлкөлөрдө жумушка орношуу укугуна барабар деп ишенүү орунсуз экендигин белгиледи.

Еврокомиссиянын баяндамасы чыгары менен эле Грецияда грузин жарандарынан турган ири уурулардын тобу камалганы белгилүү болду. Грек полициясынын маалыматына ылайык, алар 200гө чукул үйдү каракташкан. Жалпысынан 15 киши камалып, 14ү изделүүдө. Алар уурдаган мүлктүн көлөмү 10 миллион еврого барабар. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG