Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Дилбаян сынагынын жеңүүчүсү аныкталды


Зыягүл бир туугандары, атасы жана чоң энеси менен
Зыягүл бир туугандары, атасы жана чоң энеси менен

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги уюштурган сынактын жеңүүчүсү болуп, Миң-Өрүк айылында жашаган 6-класстын окуучусу Зыягүл Искендерова табылды. Сынактын жыйынтыгы 20-декабрда чыгарылды.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары бир ай мурда окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм" аттуу дилбаяндар сынагын жарыялаган. Буга ылайык, "Азаттык" радиосу бир ай бою Жалал-Абад облусундагы мектеп окуучуларынын дил баяндарын кабыл алды. Аталган облустан "Азаттыкка" кыргыз жана орус тилдеринде жазылган жүздөн ашуун дилбаян келип түштү. Алардын көбү атайын баракчабызга жарыяланды. Окуучулардын дилбаяндарынын ичинен Миң-Өрүк айылында жашаган 6-класстын окуучусу Зыягүл Искендерова жеңүүчү деп табылды.

Зыягүлдүн кыялы

Зыягүл Искендерова Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Миң-Өрүк айылындагы №6 Токтосун Темирбаев атындагы гимназия мектебинде билим алат. Сабактан соң жолдун алыстыгына карабай, аптасына үч ирет Жалал-Абад шаарына каттап, комуз ийримине да катышып турат.

Айылындагы таза суунун жоктугун, ата-энеси үй салуу үчүн чет жакта иштеп жүргөнүн өзүнүн дилбаянында айтып берген окуучунун тилеги аны жеңишке жеткирди.

- Үйүбүздө күн сайын таңда "Азаттык" радиосу жаңырат. Анткени чоң атам көп угат. Бул сынак тууралуу радиодон угуп, атам мага катышып көрүүнү сунуштады. Башында мен дилбаянды башкача ыкмада жазган болчум. Бирок өзүмө жакпагандыктан кайрадан жазууга туура келди. Айылыбызда таза суунун жоктугун, ата-энем үй салабыз деп кезектешип Орусияда иштеп жүргөнүн жана тоодогу таенемдин үйүндөгү турмушту дилбаянга коштум. Сабактарымды аткарып бүткөн соң дилбаянды төрт күн бою түндө жазып чыктым. Андан соң сынакка жөнөттүк. Жакшы окусам, адамдар эч оорубай жакшы иштешсе жана чет өлкөдөгү мамлекеттер менен байланышып иш кылса, Кыргызстан өнүгөт деп ойлойм.

Зыягүл сынакка дилбаян жибергенден баштап атасы күн сайын Малайзияны картадан көрсөтүп, бул өлкө тууралуу айтып берип жүргөн экен.

"Мына, кызым, картаны карасаң, Кыргызстандан учак менен учуп, бир топ мамлекеттерди, ошондой эле океандардан өтүп Малайзияга барасыңар. Бул аябай кооз аймак. Туристтер дагы көп барат. Эгер сен барып калсаң кооз имараттар, маданий мекемелер, узун көчөлөр менен таанышасың. Мен бара элек жерге сен барып көрүп келсең бул мен үчүн сыймык, кызым. Мындан да жакшы окуп, көп мамлекеттерге бар" деген атасы Кайрат Искендеров кызынын окуусун толугу менен көзөмөлдөп турат. Ал кызынын ийгилигин угуп, маңдайы жарыла кубанып турган экен:

- Чындыгында "кызыңыз үч жеңүүчүнүн катарына кирди" деп мага телефон чалганыңарда кубанганымдан кыйкырып, секирип да жибердим. Мектеп директору жана эжелери чалып куттукташты. Өзгөчө атам менен апамдын сүйүнгөнүн айтпагыла! Орусиядагы апасы да кубанганынан ыйлап жиберди. Азыр да оюм бир жерде болбой, толкунданып турам. Ар ким чала берип башым да айланып калды. Бүгүн да сүйүнгөнүмөн уктай албасам керек.

Чоң-эненин кубанычы

Ата-энеси сыртта алмак-салмак иштеп жүргөндүктөн Зыягүлдүн жеңиши чоң энеси Карамат Усеновага да сыймык алып келди. Буга чейинки сынактарда тааныштык жана акча маселеси баарын чечип келгенине күбө болгон энеде башында ушундай күмөндүү ойлор пайда болгон экен.

- Байлар же таанышы барлар биринчиликти алса керек, деп ойлогом. Азыр эле мугалими менен ушул багытта сүйлөшүп отурганбыз. Анткени буга чейин бир кызым сынактан өткөнүнө карабай, чет өлкөгө даярданып жаткан учурда ордуна акчасы барлар башка бирөөнү киргизип жиберишкен. Бул жолу да биз ошондой болбосо экен деп күмөн санап жатканбыз. Бирок абышкам дайыма "Азаттык" радиосун угуп жүргөндүктөн "булар дайыма калыстыкты айтат, ошол себептүү сынакты да акыйкат өткөрөт" деп бизди сооротуп койду. Неберем үйдө мага чакалап суу ташып берет, эми ал менин эрке кызыма айланып, көп суу ташытпайм деп турам (күлүп - ред.). Мектепте окуган балдарым мактоо баракчасын алып, Искендеров деген фамилия чыкса аябай толкунданып сүйүнчүмүн. Жаш болсо да эл-жер көрүп, билимин өркүндөтүп келсин.

Зыягүлдүн апасы азыр Орусияда эмгектенет. Атасы да беш жыл сыртта иштеп жүрүп, келгенден кийин ордуна жубайын жөнөткөн. Үч баланын атасы Кайрат Искендеров азыр там салуу менен алек. Быйылкы жылы жаңы үйүнүн пайдубалын түптөп, жазында өзү да Орусияга барып, жаңы үйүн бүтүрүүнү пландоодо. Бирок ал кайда жүрбөсүн балдарына болгон аталык тарбияны башкы орунга коёт.

- Беш жыл сыртта эмгектенип жүрүп, балдарыма болгон аталык мээримимди жана тарбияны жакшы бере албаганыма өкүнөм. Ошол себептүү кеч да болсо азыр аларга камкор ата болуп, кайсыл жактан болбосун көңүл бөлүп турам. Кесибим боюнча ветеринармын. Убагында жумуш деп жүрүп там салууга да көңүл бурбапмын. Азыр ата-энемдин улуу баласы болгонума карабай турак жайым жок, алар менен бирге турам. Ата-эненин башкы максаты - балдардын курсагын тойгузуп, окутуу эмес, көбүрөөк алардын ички туюмуна, аң-сезимине карап мамиле кылуу. "Сабакка бар, бул ишти аткар, болду, укта" деген таптакыр туура эмес. Мен мугалимдери менен дайыма байланышып, кызым кайсы тараптан аксап жатат, кандай көмөк берейин деп акылдашып турам. Телевизордон бий болсо "ушуга кызыгасыңбы, же сүрөт тарткың келеби", деп аларга маданий-эстетикалык тарбия бергенге аракет кылам.

Ата-эне баланын сабагына көңүл бурса, өзгөрүү жана өсүш болот деп эсептейт Зыягүлдүн мугалими Гүлмира Акматова:

- Мектепте сабактан аксаган окуучулар көпчүлүк учурда мигранттардын балдары. Бир окуучу апасы Орусиядан келе электе сабактан жетишпей, аябай артта калып жүрдү. Азыр апасы жанында, баары жакшы болуп калды. Зыягүлдүн атасы Кайрат эң активдүү ата-энелерден. Чейрек жыйынтыгында өзү келип, кызынын сабакка жетишүүсүн текшерип, ар дайым биз менен тыгыз байланышта турат. Ал эми Зыягүл болсо класстагы эң үлгүлүү окуучулардын бири. Өзүн дайыма тыкан алып жүрүп, башкаларга үлгү боло алат. Мен ал жазган дилбаянды көрүп, өзүнүн деңгээлинде ой жүгүртүп, башка бирөөнүн көмөгүсүз жазды деп эсептейм.

17-ноябрда Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге жарыялаган бул сынактын жыйынтыгына ылайык, эми Кыргызстандын ар бир облусунан жана Бишкек менен Ош шаарларынан тандалган 9 окуучу элчиликтин жолдомосу менен кышкы эс алуусун Малайзияда өткөрөт.

PS: "Азаттык" радиосу "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" аттуу сынакка дилбаян жиберген Жалал-Абад облусундагы бардык окуучуларга терең ыраазычылыгын айтып, окууларына ийгилик каалайт. Окуучулардын кагазга түшүргөн ой-максаттарынын ишке ашуусуна тилектеш экендигин билдирет.

XS
SM
MD
LG