Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:17

Путин: Орусия Донбасстагы орус тилдүү калкты жалгыз калтырбайт


Путин жылдык пресс-конференцияда. 17-декабрь, 2015-жыл.

Путин жылдык пресс-конференцияда. 17-декабрь, 2015-жыл.

Орус президенти бул тууралуу “Миропорядок” деп аталган документалдык фильмдеги маегинде билдирди.

Кремлчил журналист Владимир Соловьевдун фильми “Орусия 1” телеканалынан көргөзүлдү.

Путиндин айтымында, Орусия Донбасстагы этникалык орустарды жана орус тилдүү украиндерди “улутчулдар жеп коюшуна” жол бербейт.

Орус президентинин пикиринде, Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкциялардын узартылышын Украина боюнча Минск тынчтык келишимдери аткарылуусуна байлап жатканы - Москвага ал чегинүүлөргө баруусу үчүн кысым жасоо аракетинин далили.

Путиндин айтымында, Батыш лидерлеринин көбү Украинадагы “мамлекеттик төңкөрүштү” колдоп жаңылыштык кетиргенин түшүнөт, бирок муну моюнга алгысы келбейт.

Орусия Украинанын чыгышындагы жаңжалга орус аскерлери да катышып жатат деген ырастоолорду такай четке кагып келген.

Бирок, 18-декабрда президент Путин Орусиянын Украинанын чыгышында белгилүү бир аскерий максатты аркалап жаткан кызматчылары бардыгын моюнга алды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG