Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Кытайдагы жер көчкүдөн соң ондогон киши дайынсыз


Өлкөнүн түштүгүндөгү Шэньчжэнь шаарындагы жер көчкү 22 имаратты басып калды. Бийликтердин эсебинде, кеминде 40тан ашуун киши дайынсыз.

Коомдук коопсуздук боюнча министрликтин өрткө каршы күрөшүү бюросу билдиргендей, кеминде жети адам урандылардын алдынан аман-эсен куткарылды.

Куткаруу иштерине 1500дей кызматкер тартылууда.

900дөй кишини бийликтер жекшемби, эртең менен болгон жер көчкүгө чейин эвакуациялоого жетишти.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрдүн айтымында, жер көчкүгө газ станциясындагы жарылуу да түрткү берди. Көчкү 20 миң чарчы метр жерди жаап калган.

Кытай медиасынын кабарларына караганда, жер көчкөн аймакта эки жылдан бери курулуш иштери жүрүп жаткан.

Өткөн айдан Чжэцзян провинциясында көчкү 27 үйдү басып, кеминде 38 кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG