Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Азербайжан жана Армения лидерлери Швейцарияда жолугушту


Саркисян менен Алиевдин сүйлөшүүлөрү, Берн, 19-декабрь 2015.

Саркисян менен Алиевдин сүйлөшүүлөрү, Берн, 19-декабрь 2015.

Армения президенти Серж Саркисян жана Азербайжан президенти Илхам Алиев 19-декабрда Швейцариянын борборунда жолугушуп, Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгөрүү боюнча сүйлөштү. Акыркы мезгилде бул чөлкөмдө чыңалуу күчөп, чек арада атышуулар орун алууда.

“Жолугушуу учурунда жаңжалды жөнгөрүү боюнча пикир алышуулар болду. Бирок, тилекке каршы, тараптардын пикирлери бири-бирине туура келбейт”,-деп билдирди Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбандян жолугушуунун жыйынтыгы боюнча берген маалыматында.

Эки президенттин көзмө-көз жолугушуусунан кийин Азербайжандын тышкы иштер министри менен сүйлөшүүгө кошулган Налбандян “сүйлөшүүлөрдүн уланып жатышы өзгөчө маанилүү, анткени диалогго альтернатива жок” экендигин ырастады. Армения менен Азербайжан президенттери акыркы жолу 2014-жылы октябрь айында Парижде жолугушкан. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG