Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

Индонезияда жүргүнчү кеме кырсыкка кабылды


Индонезиянын Сулавеси аралына жакын жерде 100дөн ашуун адам менен бараткан кеме кырсыкка кабылды. Reuters агенттиги кабарлагандай, апааттын себептери так эмес. Курмандыктар же жараат алгандар тууралуу да маалыматтар жок.

Кеме Колака портунан Түштүк Сулавеси облусуна жол алган болчу.

Ал арада жергиликтүү булактар кеме толугу менен чөгүп кетпегенин, издөө-куткаруу иштери уланып жатканын жазып чыгышты. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG