Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

Кыргыз ырчыларынын чет жердеги ийгилиги


Кайрат Примбердиев
Кайрат Примбердиев

Кыргыз эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев Орусиядагы сынакта алдыга чыкса, Тurkvizyon-2015 сынагында Жийдеш Идирисова 194 балл алып, биринчи орунду ээледи.

Бүгүн, 21-декабрда Кайрат Примбердиев Москва шаарындагы Кремл аксарайында өтө турган Орусиянын "Главная сцена" телешоусунун гала-концертинде ырдайт. Кыргызстандык ырчы «Россия-1» телеканалы уюштурган «Главная сцена» сынагында финалга өткөн.

Кремл аксарайында кыргызстандык Кайрат Примбердиев жана орусиялыктар Алена Петровская, Илья Григорьев, Июлина Попова, Анна Салеева, Арсений Бородин жана "Рекорд Оркестр" тобу күч сынашат. Телешоунун калыстары Валерий Леонтьев, Михаил Боярский, Владимир Пресняков жана Диана Арбенина. Жеңүүчүгө берилген баш байге – бүткүл Орусияны кыдырып концерт берүү.

19-декабрда “Главная сцена” сынагында Примбердиев "Есть только миг" деп аталган ырды, андан кийин "Куда уходит детство" аттуу чыгармаларды ийине жеткире аткарып, кесипкөй музыканттардын мактоосуна арзып, финалга өткөн.

Кайрат Примбердиев кыргыз угармандарына ырчы катары “Сен дагы мени сагынганда, канатсыз учкуң келеби?” деген ыры менен таанылган. Кийинки чыгармаларынан “Поезддеги махабат”, “Үмүтүмө”, “Сен деги кандай немесиң”, “ Сүйүүмдү сезбедиң” деген сыяктуу бир нече ырлары белгилүү.

Тurkvizyon-2015 сынагын кыргыз ырчысы утту

21 өлкөнүн ырчылары катышкан Тurkvizyon-2015 сынагында болсо кыргызстандык ырчы Жийдеш Идирисова 194 балл алып, биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду казакстандык, үчүнчү орунду түркиялык ырчылар алышты.

Түрк дүйнөсүнүн эл аралык сынагы Стамбул шаарында Яхья Кемаль Беятлы атындагы маданий борбордун сахнасында 19-декабрда болду.

​Бул конкурс TMB TV телеканалынын демилгеси менен 2013-жылдан бери уюштурулуп келүүдө.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG