Линктер

шейшемби, 24-январь, 2017 Бишкек убактысы 19:36

Таш-Көмүрдө үйү өрттөнгөн жарандар мейманканага жайгаштырылды


Таш-Көмүрдө өрттөнгөн үй

Таш-Көмүрдө өрттөнгөн үй

Таш-Көмүр шаарынын Некрасов көчөсүндөгү №6 үйдөн чыккан өрттөн улам 12 батир жана бир коомдук фонддун офиси толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу облустук өрткө каршы кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Ал жерде туруктуу жашаган 9 үй бүлөдөгү 30дан ашык жашоочу убактылуу шаардагы мейманканага жана туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылды.

Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок. Жалпысынан 828 чарчы метр аянт күйүп, жашоочулардын буюмдары жарым-жартылай сакталып калды.

Азыр кырсык болгон жерде жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат. 1930-жылы барак тибинде салынган турак жайдагы өрт кырсыгы электр жылыткычынан улам чыкканы айтылууда. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG